Чавушоглу,  Кудсту жетиштүү деңгээлде колдобогон Ислам өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Хатайда жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу, Кудс доосун эң көп колдогон өлкөнүн Түркия экенин, берки Ислам өлкөлөрүнүн болсо АКШ жана Израилден тартынгандарын айтты.

1156605
Чавушоглу,  Кудсту жетиштүү деңгээлде колдобогон Ислам өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,  Кудсту жетиштүү деңгээлде колдобогон Ислам өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү.

Хатайда жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу, Кудс доосун эң көп колдогон өлкөнүн Түркия экенин, берки Ислам өлкөлөрүнүн болсо АКШ жана Израилден тартынгандарын айтып, «Ал эмес палестиналыктарга «Сиз да бийик үн чыгарбагыла» деп кысым көрсөткөн айрым өлкөлөр бар»,-деди.

Ислам өлкөлөрүнө каршылыгын, «Ушулар Кудсту коргошобу?»деп билдирген Чавушоглу: « Өткөн 2 жылда Ислам саммиттеринде жана БУУнун Башкы ассамблеясында АКШ жана Израилге каршы көпчүлүктүн чечими чыгарылып жатканда бул өлкөлөрдүн коркоктугун, тайсалдоосун көрдүк. Эми булар көз караныдсыз эмес, бирок биз көз карандысыз өлкөбүз. Өз чечимибизди өзүбүз чыгарабыз»,-деп айтты.

Дүйнө жүзү менен дагы көп интеграция болуунун маанисине токтолгон чавушоглу, Түркиянын дүйнөдөгү өкүлчүлүк санынын да ылдам өсүп жатканын түшүндүрүп: «Эми дүйнөдө 242 өкүлчүлүгүбүз бар. Бардык жерде желегибиз желбиреп турат. Өкүлчүлүк санында дүйнөдө бешинчи орунга чыктык. Дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам жасаган өлкө болдук. Сан жагынан да биринчи орундабыз, улуттук дүң продукцияга карата эмес. Эки жыл мурда «Улуттук дүң продукцияга карата биринчибиз, сан жагынан алганда экинчибиз» дечүбүз. Эми сан жагынан да биринчи болдук»,-деп айтты.

Сөзүндө Сирияда туруктуу чечүүчү жол табылышы үчүн аракет кылгандарын белгилеген Чавушоглу: «Буюрса Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы террористтерди да ал аймактан тазалайбыз, тазалабастан койбойбуз. Мунун башка альтерантивасы жок»,-деди.



Тектеш кабарлар