Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалууну жоюу боюнча Түркия милдетин аткарууга даяр

Трабзондо сөз сүйлөгөн Эрдоган, эки өлкөнү тең акыл-эстүүлүккө чакырып, «Чыңалууну күчөтүүнүн, өрткө күкүрт чачуунун эч кимге пайдасы болбойт»,-деди.

1155723
Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалууну жоюу боюнча Түркия милдетин аткарууга даяр

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалуунун жоюлушу боюнча Түркиянын милдетин аткарууга даяр болгонун айтты.

Трабзондо сөз сүйлөгөн Эрдоган, эки өлкөнү тең акыл-эстүүлүккө чакырып, «Чыңалууну күчөтүүнүн, өрткө күкүрт чачуунун эч кимге пайдасы болбойт»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «Чыңалууну басаңдатуу темасында эмне керек болсо кылууга даяр экенибизди билдирдик. Пакистандык туугандарыбыздын кечээ колго түшүргөн учкучту эркин кое берүүлөрү мактоого арзырлык мамиле болду. Өрткө күкүрт чачуунун эч кимге пайдасы жок, болбойт. Биздин каалообуз Индия дагы бул кадамга окшош мамилени көрсөтүшү. Түркиянын дагы дипломатиялык аракеттери менен бул кыйын кезеңдин кыска мөөнөттө ашылып өтө турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар