Түркияда Парламенттин төрагасын шайлоо жүрүп жатат

ТУУЖдун төрагалыгы үчүн добуш берүүлөрдө талапкерлер биринчи айлампада керектүү болгон 400 добушка ээ боло алган жок.

1151398
Түркияда Парламенттин төрагасын шайлоо жүрүп жатат

Түркия Улуттук Улуу Жыйыны (ТУУЖ) жаңы төрагасын шайлап жатат.

ТУУЖдун төрагалыгы үчүн добуш берүүлөрдө талапкерлер биринчи айлампада керектүү болгон 400 добушка ээ боло алган жок.

ТУУЖдун жалпы жыйынында биринчи айлампадагы добушка салууда 528 эл өкүлү добуш берди.

Биринчи айлампадагы добуш берүүлөрдө, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Текирдагдан эл өкүлү Мустафа Шентоп 322 добуш, Республикачыл элдик партиянын талапкери Энгин Алтай 120 добуш, Элдик демократиялык партиянын Измирден эл өкүлү Серпил Кемалбай Пекгөзегү 45 добуш, Ийи партиянын Газиантептен эл өкүлү Имам Хүсейин Филиз 35 добушка ээ болушту. 6 добуш жараксыз деп саналды.

Экинчи айлампада да талапкерлерден бирөөнүн өтүшү үчүн 400 добушка ээ болушу керек.

Үчүнчү айлампада болсо эл өкүлдөрдүн жарымынан көбү болуп эсептелген 301 добуш жетиштүү болуп саналат.



Тектеш кабарлар