Президент Эрдоган ойлоп табуучу окуучулар менен жолугушту

Эрдоган коргонуу өнөр жайынан илхам алышкандарын айткан окуучулардын долбоорлорун турмушка ашырарына ишенгендигин айтты.

1150686
Президент Эрдоган ойлоп табуучу окуучулар менен жолугушту

 Манисалык ойлоп тапкыч окуучулар коргонуу өнөр жайы долбоорлорунан таасирленүү  менен даярдаган баштапкы долбоорлорун президент Р. Т. Эрдоганга таанытышты.

«Кodla Manisa» деп аталган долбоордун негизинде өз эмгектерин жараткан окуучулар Эрдоганга : «Сиз өлкөбүз үчүн аракет кылып жатасыз. Биз да сабактан кийин ательебизге барып программаларды түзүп роботтук иштерди аткарып жатабыз жана сиз баштаган жергиликтүү жана улуттук кыймылына салым кошкубуз келди»,- дешти.

Эрдоган коргонуу өнөр жайынан илхам алышкандарын айткан окуучулардын долбоорлорун турмушка ашырарына ишенгендигин айтты.

Жергиликтүү булактар менен чыгарылган учкучсуз куралдуу жана куралсыз аба унааларын көргөндөн кийин өздөрүнө болгон ишенимдин арткандыгын  айткан окуучуларга Эрдоган : «Учкучсуз аба унаа аппараты ИХА жана куралдуу учкучсуз аба аппараты СИХА жасап жатабыз. Эми эмне келе жатат? Акынжы келе жатат. Учкан кит»,- деди.

Окуучулар өздөрү жасаган долбоорлорду да таанытышты. Кээ бирлери токой өрттөрүн азайта турган аппарат жасады. Кээ бири да көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин турмушун оңойлоштура турган буюмдарды жасады. Кээ бири да дыйкандар үчүн автоматтык сугаруу системасын түздү.



Тектеш кабарлар