Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги мунай зат издөө иш-аракеттерин токтопойт
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Анкаранын Алтындаг районунун Карапүрчек мааласындагы «Көроглу» сейил багында өткөн тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги мунай зат издөө иш-аракеттерин токтопой тургандарын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анкаранын Алтындаг районунун Карапүрчек мааласындагы «Көроглу» сейил багында өткөн тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Чыгыш Жер Ортолук деңизде мунай зат издөө иштери тууралуу сындоолорго каршы чыкты.
Эрдоган: «Өлкөбүздүн жана Түндүк кипрдик туугандарыбыздын энергетика булактарындагы укуктарын жактоодон баш тартпайбыз. Иштерибизди акырына дейре улантып, буюрса улутубузга, сагынуу менен күткөн сүйүнүчтүү кабарды да беребиз»,-деди.
«Бүгүнкү күндө, чек ара аймагыбызда коопсуз аймак куруу бар»,-деп айткан Эрдоган: Түркиядагы 310 миң сириялык башкалкалоочунун үйлөрүнө кайтканын айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.