"Зайтун бутагы" операциясында бир аскер каза болду

Сирияда «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта жүргүзүлүп жаткан операциялар учурунда бир аскер шейит болду.

1147748
"Зайтун бутагы" операциясында бир аскер  каза болду

Сирияда «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта жүргүзүлүп жаткан операциялар учурунда бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскердин каза болгондугу белгиленди. Маалыматта : «Бизди терең санаага салган бул окуяда каза болгон шейитибиздин үй  - бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен улуу түрк калкына көңүл айтабыз жана сабыр тилейбиз»,- деп айтылды.

Шейит болгон аскердин эрзурумдук жөө аскер Умут Өзнүтепе экендиги жана Афринде түнкү сааттарда террористтер менен чыккан кагылышууда жер которуп жатканда жараланып, жаткырылган Африн мамлекеттик оорканасында куткарыла албагандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар