Сочи саммитинен кийин пресс - жыйын өткөрүлдү

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын башта Идлиб жана башка аймактарда жаңыдан адамзаттык кризистердин болушун каалашпагандарын айтты.

1145811
Сочи саммитинен кийин пресс  - жыйын өткөрүлдү

 Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын башта Идлиб жана башка аймактарда жаңыдан адамзаттык кризистердин болушун каалашпагандарын айтты.

Президент Эрдоган, Орусиянын президенти В. Путиндин, Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен өткөрүлгөн Орусиянын Сочи шаарындагы «Сирия» тууралуу Түркия- Орусия- Иран үчтүк саммити аяктады. Үчтүк Сирия саммитинен кийин үч лидер биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү. Пресс - жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Сирияда тынчтык жана ырааттуулук чөйрөсүнүн түзүлүшү тууралуу жүргүзүлгөн иштерди карап чыктык. Идлиб жана башка аймактарда ок атышпоонун түзүлүшү негизги күн тартип беренелеринин арасында эле»,- деди.

Саммитте АКШнын Сириядан чыгуу чечиминин да каралгандыгын айткан Эрдоган : «Аймактан чыгуу жагдайын ЙПГ/ПКК террордук уюму жана ДЕАШ пайдаланбай тургандай түрдө жүргүзүү шарт. Процессти террордук коркутууларды жок кыла турган бир түшүнүк менен колго алуу керек. Ишенимдүү аймак террордук уюмдар кеңейе турган аянт катары убада кылынбашы керек. Террор коридоруна уруксат бербейбиз»,- деди.

Үч кепил өлкө катары саясий чечүүчү жол табуу жолунда олуттуу аралыкты басып өтүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган : «Саясий чечүүчү жол үмүтү эч качан мынчалык бүрдөгөн эмес»,- деди.

Орусиянын президенти Путин да сөзүндө : «Сириядагы кризистин чечилиши үчүн маанилүү иш алып баруу тармактарын белгиледик. Сирияда террор менен күрөшүү жана адамзаттыкабалдардын жакшырышы үчүн иштейбиз. 12 -Астана жыйыны март айынын акырында өткөрүлөт. Конституциялык комитет тизмеси дээрлик толугу менен бекитилди»,- деди.

Рухани да сириялыктардын тагдырына бир гана өздөрү чечим чыгарышы керектигин баса белгилеп : «Ушул кезге чейин ок атышпоо үчүн абдан чоң аракет кылдык жана чоң өлчөмдө ийгиликтүү болдук. Согушту акырына чыгардык. Ырааттуулукту жана тынчтыкты түздүк. Тилекке каршы АКШ Сириядагы террордук топторду колдонуу менен максатына жетүүгө аракет кылууда»,- деди.



Тектеш кабарлар