Эрдоган Бурсада элге кайрылды

Адлиеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, Бурсада уюштурулган митингде элге кайрылды.

1146356
Эрдоган Бурсада элге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия маселесиндеги эң кичине тайсалдоонун келечекте канчалык чоң чыгымдарга учурата турганын абдан жакшы билгендерин айтты.

Адлиеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, Бурсада уюштурулган митингде элге кайрылды.

Эрдоган, кечээ Орусиянын Сочи шаарында Түркия,Орусия жана Иран катышкан Сирия темалуу Үчтүк саммиттин төртүнчүсүн өткөргөндөрүн эске салып, ал жерден бүткүл дүйнөгө маалыматтарын бергендерин айтты.

Эрдоган: «Сирия маселесиндеги эң кичине тайсалдоонун келечекте канчалык чоң чыгымдарга учурата турганын абдан жакшы билебиз.Дипломатияда болгону сыяктуу экономикада да бекем турушубуз керектигин билебиз. Көп иштейбиз»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Сирия

Тектеш кабарлар