Хулиси Акар Шанахан менен жолукту

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар Брюсселде.

1144994
Хулиси Акар Шанахан менен жолукту

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны үчүн барган Бельгиянын баш калаасы Брюсселде АКШнын коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан менен жолукту.

НАТОнун штабындагы жолугушууда Сириядагы акыркы кырдаалдын каралгандыгы маалымдалды.

Акар андан соң «НАТОнун коргоо, күч структурасы жана 2019-жылдагы саясий жол жобосу» темалуу отурумга катышты.

Отурумдан кийин Македониянын коргоо министри Радмила Шекеринса менен жолуккан Акар, НАТОнун Европа шериктеш күчтөрүнүн жогорку командири армия генералы Майкл Скапарротти менен да жолукту.



Тектеш кабарлар