Абдуллах Эрен Түркиядагы сириялык качкындар тууралуу маалымат берди

Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен Түркиянын сириялык качкындар тууралуу дүйнөгө эң мыкты үлгү болгондугун айтты.

1145169
Абдуллах Эрен  Түркиядагы сириялык качкындар тууралуу маалымат берди

 Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен Түркиянын сириялык качкындар тууралуу дүйнөгө эң мыкты үлгү болгондугун айтты.

Эрен БУУнун башкы борборунда катышкан бир иш чарада Сирия кризиси жана Түркиянын убактылуу коргоо статусу астындагы сириялык жаштардын күчтөндүрүлүшүнө карата социалдык билим берүү саясаттарынан сөз кылды.

8 -  жылына кирген Сириядагы согуштун азыркы учурда 2, 5 миллиондон ашуун бала, 5, 7 миллион сириялыктын Египет, Ирак, Иордания, Ливан жана Түркияда экендигин айтты. Эрен Түркиянын Сирия кризисин жараткан маселелер менен таасирлерин түздөн түз тажрыйба кылып алгандыгын билдирди.

Согуштан качып Түркияга келген сириялыктардын түрк жетекчилер жана гуманитардык жардам кызматкерлери тарабынан убактылуу коргоо борборлоруна жайгаштырылгандыгын айткан Эрен : «Түркия убактылуу коргоо статусунун астында 4 миллиондон ашуун сириялыкка үй ээлик кылууда»,- деди.

Лагерлерде жашап жаткан сириялыктардын санынын 2011 -  жылы 10 пайыз болгон болсо бүгүн бул катнаштын 5 пайызга түшкөндүгүнө жана качкындардын иштеп, билим алуусун улантуу менен социалдык турмушка  интеграция кылынгандыгына көңүл бурган Эрен : «Түркия чек арасындагы кризиске миллиондогон кишинин жашап калышын жана жакшы жашоосу үчүн «ачык каалга саясаты» менен жооп берди. Максатыбыз ар дайым кары  - картаң, жаш, майып, аял, бала да болгон эч кимди артта калтырбоо болду»,- деди.

Абдуллах Эрен : «Түркия улуттук жана эл аралык деңгээлде абдан чоң аракетти көрсөтүү жана дүйнөгө Түркияда жашаган сириялык качкындарды коомдун кабыл алышы менен өнүгүшү жактан мыкты иш алып барды»,- деди.

Сириялык студенттерге стипендия берилгендигин да айткан Эрен Афганстан, Ирак, Йемен сыяктуу 160тан ашуун өлкөдөн 17 миң студентке дагы стипендия мүмкүнчүлүгүнүн берилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар