Венесуэлага экспорт 3 эсеге чыкты

Түркия 2017 -  жылы Венесуэлага 37 миллион 432 миң долларлык экспорт ишке ашырды.

1144354
Венесуэлага  экспорт 3 эсеге чыкты

Түркиядан Венесуэлага жасалган экспорт 2018 -  жылы 2017 – жылга караганда 223 пайызга өсүп 37 миллион 432 миң доллардан 120 миллион 800 миң долларга чыкты.

Түркия 2017 -  жылы Венесуэлага 37 миллион 432 миң долларлык экспорт ишке ашырды.

Болгон саясий жакындашуулар жана Венесуэла жашаган экономикалык кыйынчылыктардан кийин Түркиянын бул өлкөгө экспорту 2018 -  жылы 223 пайызга артып 120 миллион 800 миң долларга жогорулады.

Түркия Венесуэлага эң көп тамак  - аш продукцияларын экспорттоду. Экспортто биринчи орунду 27 миллион 886 миң доллар менен макарон алды. Макорондон кийин 13 миллион 642 миң доллар менен семичка майы, 7 миллион 860 миң доллар менен будай уну жана 5 миллион 41 доллар менен кызыл жасмык келди. Бул өлкөгө өзгөчө 1 миллион 546 долларлык жүгөрү уну жана 1 миллион 324 миң долларлык шекер экспорттолду.

Венесуэлага жасалган экспорт бул жылы да ылдам башталды.

2018 -  жылы январь айында 1 миллион 752 миң доллар болгон болсо бул жылы январь айында бул сан 411 пайызга өсүп, 8 миллион 958 миң долларга жогорулады. Бул ылдамдык менен кете турган болсо экспорттун жылдын акырына чейин 200 миллион долларга жетери күтүлүүдө.

Түрк продукцияларынын даамы, сапаты жана баа мүмкүнчүлүктөрү менен Венесуэла базарында туруктуу болору ойлонулууда.



Тектеш кабарлар