Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак операциясы
Операцияда 400гө жакын пушка огу, медициналык материал,10 баштык жер семирткич, колдонууга даяр жарылуучу зат, үч рация, аккумлятор жана жез сым колго түшүрүлдү.
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирак операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/67c7/54dc/4095/5c63d22b59227.jpg?time=1718878737)
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагында жүргүзүлгөн операцияда кыймыл даярдыгында экендиги белгиленген террористтер жашаган жерлеринде жарылуучу зат жасоодо колдонулган көп сандаган ок - дарыны таштап качкандыгы аныкталды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда коопсуздук күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагында операция жүргүзүлдү.
Аныкталган жерде ПКК террористтерине таандык 400гө жакын пушка огу, медициналык материал,10 баштык жер семирткич, колдонууга даяр жарылуучу зат, үч рация, аккумлятор жана жез сым колго түшүрүлдү.
Коопсуздук күчтөрүнүн аймактагы операцияларынын айынан ыктымалдуу түрдө кол салуу үчүн даярданган террористтердин материалдарды таштап качышкандары аныкталды.