Түрк аба жолдору Бельгияга каттамдарын токтотту

Брюсселде жумушчулар иш таштоодо.

1144154
Түрк аба жолдору Бельгияга каттамдарын токтотту

Түрк аба жолдору Бельгиядагы жумушчулардын иш таштоосунун себебинен Брюсселге бүгүн жүргүзүлө турган учак каттамдарын жойгонун билдирди.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчиси Яхья Үстүн социалдык медиа баракчасы Твиттерден жарыялаган бөлүшүүсүндө: «Урматтуу жүргүнчүлөрүбүзгө эскертүү; Бельгиядагы улуттук иш таштоонун себебинен 13-февралдагы учак каттамдарыбыз токтотулду»,-деп жазган.



Тектеш кабарлар