Президент Р. Т. Эрдоган эртең Сочиге барат

Президент Р. Т. Эрдоган темасы «Сирия»  болгон төртүнчү үчтүк саммит жыйынына катышуу үчүн эртең Орусиянын Сочи шаарына барат.

1144709
Президент Р. Т. Эрдоган эртең Сочиге барат

Президент Р. Т. Эрдоган темасы «Сирия»  болгон төртүнчү үчтүк саммит жыйынына катышуу үчүн эртең Орусиянын Сочи шаарына барат.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдоган Сочиде Орусия федерациясынын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен өткөрүлө турган «Сирия» темалуу төртүнчү үчтүк саммит жыйынына катышат.

Саммитте Астана платформасынын Сирия келишпестигине туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн аянтта жана саясий процессте жүргүзгөн орток аракеттер каралат.

Президент Эрдогандын саммитте кесиптештери менен өткөрө турган эки тараптуу жолугушууларында Орусия федерациясы жана Иран менен карым – катнаштар жана аймактык темалардын да каралышы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар