Залимдерге үн катпай койбогон Түркияны кысымга алууну каалагандарга мыкты сабак бердик

Эрдоган, Кастамонунун Кузейкент аянтында элге кайрылды.

1143867
Залимдерге үн катпай койбогон Түркияны кысымга алууну каалагандарга мыкты сабак бердик

Президент Режеп Таййип Эрдоган, залимдерге үн катпай койбогон Түркияны кысымга алууну каалагандарга мыкты сабак бергендерин, берүүсүн да уланта тургандарына басым жасады.

Эрдоган, Кастамонунун Кузейкент аянтында элге кайрылды.

Сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган, акыркы жылдарда жикчил террордук уюм ПККга, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ сыяктуу бузуку уюмга, ДЕАШ сыяктуу проект уюмуна каршы ийгиликтүү күрөшкөндөрүн айтты.

Эрдоган: «17 жылдык бийлигибиз жалаң булар менен күрөшүп жүрүп өттү. Ашып өткөн ар бир тоскоолдуктун артынан жаңы тоскоолдуктар менен беттештик. Өлкөбүздү жана улутубузду эч тынч коюп коюшкан жок. Алар бизди кысымга алган сайын биз улут катары бири-бирибизге дагы тыгыз кептелдик, мамлекет катары дагы күчтөндүк»,-деди.

Эрдоган, курс жана пайыз аркылуу Түркияны кысымга алууга аракет кылгандарга, көргөн чаралары менен мыкты сабак бергендерин белгилеп өттү.

Экономикада алдын алууларды уланта тургандарын айткан Эрдоган: «Түркиянын үстүндөгү оюндар мурда кандай болсо бүгүн дагы ошондой. Анткени түрк ошол эле түрк, душмандары да ошол эле душмандар. Ордубуздан жылбай калган күнү артка карай кетебиз»,-деп айтты.

Сценарийлерди бузуп Түркияны жаркын келечекке алып бараткандарына басым жасаган Эрдоган: «Бизге бул үчүн душман болушту. Улутубуз менен бирге болгонубуз үчүн мамлекетибизди кулатпай кармап турган үчүн бизге душман болушту. Залимдерге үн катпай койбогонубуз, адилетсиздиктерин бетине айтканыбыз үчүн бизге душман болушту. Экономикабызды күчтөндүрдүк, алардын оюндарын бузуп келечегибизди белгилүү кылдык, бизге ошон үчүн душман болушту. Дуушар болгон бул душмандыктарды Кудай алдында жана улут багытында кутулуу документибиз катары карайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар