Түркиянын коопсуздук санааркоолору кечеңдетиле албайт

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Пария) басма сөз катчысы Өмер Челик, партиясынын башкы борборунда кечээ өткөн Борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышы тууралуу маалымат берди.

1143420
Түркиянын коопсуздук санааркоолору кечеңдетиле албайт

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Пария) басма сөз катчысы Өмер Челик, Жемал Кашыкчы кылмышында Сауд Арабиянын жетиштүү кызматташтык көрсөтпөгөнүн айтты.

Өмер Челик, партиясынын башкы борборунда кечээ өткөн Борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышы тууралуу маалымат берди.

Челик, 2018-жылы 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышына токтолуп, Түркиянын бул темада процессти ачык түрдө жүргүзгөнүн жана Сауд Арабиясынын жооптуу кызматкерлерине кызматташуу боюнча чакырык салынып дагы деле жообу алына электигин айтты.

Маалымдоосунда Венесуэладагы абалдарга да токтолгон Челик: «Биз, Венесуэла калкын колдойбуз. Венесуэланын конституциясын, шайланган кишисин урматтайбыз»,-деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирияда коопсуз аймак сунушуна да токтолгон Челик: «Түркиянын коопсуздук санааркоолору кечеңдетилип, убакыт өткөрө турган же кандайдыр бир соодалашуу темасына айландырыла турган санааркоолор эмес»,-деп айтты.

Челик, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Түркиянын коопсуздугу үчүн ар түрдүү операцияларды ишке ашыра тургандай жөндөмдүүлүккө ээ экенине басым жасап, «Бул жерде эң туурасы бул аймактардын террористтер үчүн коопсуз аймак болуудан чыгартылышы, бул жердин НАТОнун шериктеши болгон Түркия жана НАТО шериктештери үчүн коопсуз аймак абалына келтирилиши»,-деди.

Баа берүүсүндө Израиль тарабынан Эл Халилдеги тынчтык күчүнүн милдети соңуна чыгарылганын эске салган Челик, бул чечимдин аймактагы чыңалууну күчөтө турганына көңүл бурду.

Челик, бул чечимдин тынчсызданууларын жаап жашыргысы келген Израилдин жаңы кадамы болгонун айтты.

Кытайдын «Чыгыш Түркстан» саясаттарына да токтолгон Челик, Кытай тарабынан 2017-жылы октябрь айында «бардык диндердин жана ишеничтердин кытайлаштырылышы» түрүндө саясат жүргүзүлө баштаганын айтты. Челик, бул саясаттын ассимиляцияга ачык көп сандаган жагы болгону ар түрдүү себептер менен билдирилгенин сөз кылып, Чыгыш Түркстандын маанилүү даанышман адамдары, искусство чеберлери жана бир топ интеллигентинин дайыны жок болгонуна басым жасады.

Жоголгон кишилердин үй-бүлөлөрүнө кабар берилбегенине көңүл бурган Челик: «Албетте булардын бардыгы ачыкка чыгарлышы керек болгон темалар. Бул темада ачык мамиле көрсөтүлсө бул ар ким тарабынан чыңалууну азайткан, жагдайдын эмне болгонунун так түшүнүлүшүнө мүмкүнчүлүк берген чөйрө жаратат. Кытайдын жеринин бүтүндүгүн жана коопсуздугун урматтаган өлкөбүз. Кытайдын жеринин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна маани беребиз. Бул маселеге ушундай түрдө карап жатканда, албетте Кытайдын уйгур түрктөрүн туш келди камоолор, бир миллиондон ашуун уйгур түркүнүн концлагерлерде жана абактарда кармалышы сыяктуу кыймылдары эч качан мыйзамдуу боло албай турганын айтуудабыз»,деген пикирин билдирди.



Тектеш кабарлар