Орусиянын коргоо министри Түркияга келди

Улуттук коргоо министрлигинде аскердик азем менен тосулуп алынган Шойгу аскерлерге "Мерхаба аскер" деп салам берди.

1142752
Орусиянын коргоо министри Түркияга келди

 

 

Орусия федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу Түркияда. Шойгу улуттук коргоо министри  Хулуси Акардын чакыруусу менен борбор шаар Анкарага келди. 

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусия федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Коргоо министри Хулуси Акар Сергей Шойгуну Улуттук Коргоо Министрлигинде аскердик азем менен тосуп алды. 

Эки өлкөнүн улуттук марштары аскердик оркестр тарабынан аткарылган аземде Шойгу аскерлерге "Мерхаба аскер" деп салам берди. 

Сергей Шойгунун министрликтин атайын дептерине кол койгондон кийин министр Акар менен орусиялык кесиптеши жолугушууга өттү. Жолугушууга Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан да катышты. 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар