Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борбору жеңиш эстелиги болуп эсептелет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Таксим аянтында «Ататүрк» маданият борборунун пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

1142277
Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борбору жеңиш эстелиги болуп эсептелет
erdogan akm temel atma1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борбору (АКМ) жеңиш эстелиги боло турганын айтты.

Таксим аянтында «Ататүрк» маданият борборунун пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөгөн Эрдоган, бүгүн Түркиянын искусство жана маданият турмушунда секирик жарата турган кадамды таштагандарын белгилеп өттү.

Эрдоган, «Ататүрк» маданият борборунун 95600 чарчы метрдик үстү жабык аянтка ээ болгон 5 башка блоктон тураарын белгилеп: «Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борборун 2 жыл сыяктуу кыска мөөнөттүн ичинде салып бүтүрүп искусство чеберлерибиздин жана искусство сүйүүчүлөрдүн тейлөөсүнө сунабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Стамбул «Ататүрк» маданият борборунун улуттун баалуулуктары, ишеничи, адамыбыздын тарыхы жана маданияты менен келише албаган, якобиндик менталитетке каршы тургузуган жеңиш эстелиги боло турганын айтты.

Эрдоган: «Пайдубалын түптөй турган имарат бир гана маданият борбору эмес. Бул чыгарма ошол эле убакта акыркы 5 жылдан бери улуттук эркке кастык кылган, улут душмандарына берилген эң сонун жооп болуп эсептелет»,-деди.

Эрдоган, «Рами» гарнизонуна Стамбулдун эң чоң китепканасы салына турганын жана мындан ары китеп, журнал менен гезиттерден кошумча нарк салыгы алынбай турганынын сүйүнчүсүн берди.



Тектеш кабарлар