ПКК/ПЙДны жергиликтүү калк менен бирдей көрүү туура болбойт
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Соода палатасы жана Түрк-Америка Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алуу программасында сөз сүйлөдү.
![ПКК/ПЙДны жергиликтүү калк менен бирдей көрүү туура болбойт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/552b/e69d/17db/5c5d2084024a2.jpg?time=1718897143)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын күрттөр менен эч качан маселеси болбогонун белгилеп, «ПКК/ПЙД террордук уюмун жергиликтүү калк менен бирдей көрүү күрт туугандарыбызга кылына турган эң оор акаарат болуп эсептелет»,-деди.
Президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Соода палатасы жана Түрк-Америка Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алуу программасында сөз сүйлөдү.
Түркия-Америка карым-катнаштарынын бардык кыйынчылыктардан, сыноолордон, туруштук тесттеринен ийгиликтүү ашып өткөнүн айткан Эрдоган: «Түркия жана АКШнын ортосунда орток кызыкчылыктарга таянган, күчтүү, кеңири жана стратегиялык шериктештик карым-катнаштары бар. Карым-катнаштарыбызда убак-убагы менен көз караш айырмачылыктарына таянган олку-солкулуктарды баштан өткөрсөк дагы шериктештигибиз көп сандаган кыйынчылыкты жеңип чыкты»,-деп айтты.
Сирияда Американын күчтөрүнүн чыга турган аянттарында террор менен күрөшүү жоопкерчилигин Түркиянын өткөрүп алууга даяр болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Террордук уюм ДЕАШты жок кылабыз дедик, бирок бул иш ПЙД/ПКК менен жүргүзүлдү»,-деп айтып, мунун чыгымы көп жылдардан кийин белгилүү боло турганы боюнча эскертти.
Түркиянын өзүнө, аймагына жана дүйнөгө коркунуч туудурган бардык террордук уюмдар менен күрөшүү боюнча чечкиндүү болгонун белгилеген Президент: «ДЕАШ террордук уюмун, башка канкор террордук уюмдар менен алмаштырууга аракет кылган мурдагы (АКШ) башкаруучулугунун калдыктары болгон айрым катмарлар башынан бери өлкөбүз туурасында кара пропаганда кылып жатат. ПКК/ПЙД террордук уюмун жергиликтүү калк менен бирдей көрүү күрт туугандарыбызга кылына турган эң оор акаарат болуп эсептелет. Учурда ДЕАШ кол салуусунан ПКК/ПЙД зулумдугунан качкан күрт туугандарыбыз бир гана Түркияга баш калкалап жатышат»,-деп айтты.
АКШнын Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ПЙДга курал жардамын бергенин сынга алган Эрдоган: «Бирок буларды учурда АКШ террор уюму катары көрбөй жатат. Биздин кыйынчылыгыбыз мына ушунда»,-деди.
Президент, Сирияда адамзатка жардам берүү ойлонулса, коопсуз аймактарда качкындар үчүн контейнер шаарча куруу чакырыгын салды.