Түркияны жогорку билим берүү жаатында сөөмөй менен көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн катарына кошобуз

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин Маданият жана конгресс борборунда ОДТҮ Текнокенттин ачылышына катышты.

1140226
Түркияны жогорку билим берүү жаатында сөөмөй менен көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн катарына кошобуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны жогорку билим берүү жаатында сөөмөй менен көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн катарына кошо тургандарын айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин Маданият жана конгресс борборунда ОДТҮ Текнокенттин ачылышына катышты.

Президент бул жердеги сөзүндө, кантип өлкөнүн жерлерине өкүмдарлык кылынбастан көз карандысыздык боло албаса, технологияга ээ болбостон да көз карандысыздык улантыла албай турганын айтты.

Глобалдык атаандаштыкта алдыга озуп чыгыш үчүн университеттерди дагы таасирдүү түрдө колдонуу керектигине басым жасаган Эрдоган: «Университет-өнөр жай кызматташтыгын абдан өнүктүрөбүз. Бул жаатта Кытай Эл Республикасын абдан ийгиликтүү көрүүдөмүн»,-деди.

Эрдоган: « Дата өндүрүүдөн тартып коопсуздугуна чейин, коргонуу, саламаттык сактоо, билим берүү, информатикалык технологиялардан тартып жасалма аң-сезимге чейин бардык тармакта өз бутубузда турууга мажбурбуз. Түркияны бардыгыбыз чогуу максаттарына жеткиребиз»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Текнокент

Тектеш кабарлар