Эрдоган король Абдуллах менен жолукту

Эки лидер Палестинадан баштап аймактык жана эл аралык балдар боюнча пикир алмашышты.

1137818
Эрдоган король Абдуллах менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечки тамакта Иорданиянын королу 2-Абдуллахты коноктоду.

Президент  Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган, Иорданиянын королу 2-Абдуллах жубайы Рания аль-Абдуллахты Стамбулдагы Тарабия сарайында тосуп алды. Андан соң сарайда кечки тамакка өтүштү. Тамакка тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана соода министри Рухсар Пекжан да катышты.

Тамактуу жолугушууда Түркия менен Иорданиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар өңүттөн каралып чыкты. Ар түрдүү тармактарда кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдар каралды.

Эки лидер Палестинадан баштап аймактык жана эл аралык балдар боюнча пикир алмашышты.

Тамактан кийин президент Эрдоган, Иорданиянын королу 2-Абдуллахты Тарабия сарайынан узатты.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар