Тышкы иштер министри Румынияда түрк ишкерлер менен жолугушту

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык соода карым  - катнаштары каралды.

1136944
Тышкы иштер министри Румынияда түрк ишкерлер менен жолугушту

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин расмий болбогон жыйынына катышуу үчүн Румынияга барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу борбор шаар Бухарестте түрк ишкерлер менен жолугушту. Чавушоглу Түркиянын Бухарест элчилигинин резиденциясында түрк ишкерлери менен өткөргөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода карым  - катнаштарды карап чыгып, эки тараптуу соода жана бири бирие карата инвестицияларды дагы да арттыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу токтолушту.

Чавушоглу жолугушуу тууралуу социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Румыния 15 миңден ашуун түрк ишкер иш алып барган, аймактагы эң чоң экспорт базарыбыз. Түрк фирма өкүлдөрү менен соода көлөмүбүздү дагы да өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштүк»,- деди.



Тектеш кабарлар