Ирактын түндүгүнө аба операциясы жүргүзүлдү

Операцияда баш калкалоочу жер жана ок  - дары сактоочу жерлердин жардырылгандыгы маалымдалды.

1136296
Ирактын түндүгүнө аба операциясы жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операцияларында жикчил террордук уюмга таандык баш калкалоо жана ок – дары сакталган жерлер атылды.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Метина аймактарында аба операцияларынын жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операцияларда жикчил террордук уюм тарабынан курал буктурмасы, баш калкалоочу жер жана ок  - дары сактоочу жер катары колдонулган жерлердин жардырылгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар