Жамал Кашыкчынын (Хашогжи) өлүмүн иликтөө иштери улантылып жатат

БУУнун атайын баяндамачысы Агнес Каламард баштаган топ Стамбулга келди.

1135306
Жамал Кашыкчынын (Хашогжи) өлүмүн иликтөө иштери улантылып жатат

Саудиялык маркум журналист Жамал Кашыкчынын (Хашогжи) өлүмүн иликтөө иштери улантылып жатат. БУУнун атайын баяндамачысы Агнес Каламард баштаган топ, болжол менен 4 ай мурда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Хашогжинин өлүмүн иликтөө үчүн Түркияга келди.

Ал, Түркиядагы иш сапарын Анкарадан баштап, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушогу жана Адилет министри Абдүлхамит Гүл менен жолугушту. Аталган топ, Стамбулда териштирүү иштерин жүргүзүп жаткан полиция жана сот өкүлдөрү менен жолугушат. Андан сырткары маркум журналисттин келинчеги менен баарлашат.

Териштирүүчү топтун курамында англис адвокаты Хелена Кеннеди жана Дүйнөлүк соттук медицина академиясынын мурдагы башчысы жана Португалиядагы Коумбра университетинин медициналык университетинин мүдүрү, проф. Д-р Дуарте Нуно Виейра да бар.

 Ошондой эле Каламард баштаган топ, жума күнү Сауд Арабиясына барып, ал жактагы териштирүү иштерине да көз салат. Каламард даярдай турган баяндама, июнь айында, алгач БУУнун адам укуктары комиссарлыгына, андан соң Башкы Ассамблеяга сунушталат.



Тектеш кабарлар