Президент Эрдоган Сирия тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда адамзаттык максаттары болгон бир гана өлкөнүн Түркия экендигин айтты.

1132483
Президент Эрдоган Сирия тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда адамзаттык максаттары болгон бир гана өлкөнүн Түркия экендигин айтты.

Р. Т. Эрдоган Анкарада аскердик окуу жайынын HGM Atlas жана HGM Küre ишке ашырууларын танытуу аземине катышты. «Бизге 780 миң километр квадраттык мекен жери жетет»,- деген Эрдоган сөзүндө Сирия чек арасында түзүлүшү ойлонулган коопсуз аймак тууралуу Түркиянын басып алуу сыяктуу максатынын жок экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган Түркиянын Сириядагы операцияларынын максатынын өз чек араларын коопсуздук астына алуу менен бирге ал жердеги аймак калкынын тынчтыгын түзүү экендигин белгиледи.

Президент Түркиянын чек ара коопсуздугу үчүн Түркия менен Сириянын ортосунда 1998 -  жылы түзүлгөн Адана макулдашуусунун маанисин да баса белгиледи. Эрдоган сөзүндө өзгөчө дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун бардык козголоңдорго каршы экендерин белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар