Мальтанын президенти Түркияга келет

Президент Прека Түркияда жолугушууларды өткөрөт.

1131174
Мальтанын президенти Түркияга келет

Мальтанын президенти Мари Луиза Колейро Прека президент Режеп Таййип Эрдогандын коногу катары 23-24-январда Түркияда жолугушууларды өткөрөт.

Президенттиктин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, расмий сапар убагында өтө турган жолугушууларда, Мальта менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири каралып, ар кайсы тармактардагы кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турчу кадамдар талкууланмакчы.

Жолугушууларда айрыкча Түркиянын Европа Биримдиги карым-катнаштары жана мүчөлүк процесси менен аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылышы көздөлүүдө.

Ошондой эле Мальтанын президенти Преканын 23-январда Стамбулда Түркия-Мальта Ишкердик кеңешинин жыйынына катышып, эки өлкөнүн алдыңкы иш чөйрөлөрү жана инвесторлору менен жолуга турганы билдирилди.

Аты аталган сапардын Мальтадан Түркияга президенттик деңгээлдеги биринчи расмий сапар болоору маалымдалды.



Тектеш кабарлар