Чавушоглу-Лавров сүйлөшүүсү

Эки министр телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

1131131
Чавушоглу-Лавров сүйлөшүүсү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу Лавров менен телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн мазмуну туурасында маалымат берилген жок.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдагы биринчи жолугушуусун бүгүн өткөрөт.

Президент Эрдоган Орусиянын борбор шаары Москвага жасай турган бир күндүк сапарында Путин менен жолугат.

Программанын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министр жана жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда делегациялар аралык сүйлөшүүнүн да өткөрүлүшү пландалууда.

Эки лидер Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар Сирия жана ошондой эле айрым аймактык жана эл аралык темалар боюнча да пикир алмашышат.



Тектеш кабарлар