Аймактан чыгуу ЙПГ/ПККга кызмат кылбашы керек

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШ башкаруусунун Сириядан чыгуу чечимине байланыштуу маалымат берди.

1128485
Аймактан чыгуу ЙПГ/ПККга кызмат кылбашы керек

Түркия АКШнын Сириядан аскерлерин чыгаруу чечиминин ЙПГ/ПКК террордук уюмуна кызмат кылбашы керектигин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШ башкаруусунун Сириядан чыгуу чечимине байланыштуу маалымат берди. Аксой маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамптын Сириядан чыгуу чечими тууралуу : «Аймактан чыгуу ЙПГ/ПККга кызмат кылбашы керек. Аянтта болду бүттү деген нерселер болбошу керек»,- деди. Аксой өзгөчө АКШда бюрократиянын президент Трампка карата каршы тургандыгына токтолду. Маалыматта АКШлык сенатор Линдсей Грахамдын Түркияга жасай турган сапарына байланыштуу Сирия темасынын колго алынары белгиленди.

Орусия менен түзүлгөн Идлиб макулдашуусуна да токтолгон Аксой : «Провакациялардын Идлиб макулдашуусуна тоскоол болушуна уруксат бербейбиз»,- деди.

Түркия жана Орусиянын 17 -  сентябрда Сочиде барган макулдашуусуна караганда Идлибде оппозициячылдар 15 – 20  колметр ичкериде түзгөн тарапсыз аймактагы оор куралдарды чыгарышкан болчу.

 



Тектеш кабарлар