Хорватиянын президенти Анкарада

Хорватиянын президенти Колина Грабат Китарович президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келди.

1127121
Хорватиянын президенти Анкарада
tbmm.jpg

Хорватиянын президенти Колина Грабат Китарович президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келди.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым борбор шаар Анкарада Колинда Грабар Китарович менен жолугушту.

Түркия Улуттук Парламентиндеги жекеме – жеке жолугушуудан кийин Йылдырым менен Китарович Диван залында өткөрүлгөн делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылышты.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушууга Түркия- Хорватия парламенттер аралык достук группасынын жетекчиси Исмаил Билен, тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдигинин төрагасы, элчи Фарук Каймакжы менен Түркиянын Загреб элчиси Мустафа Бабүр Хызлан катышты.

Жолугушууда конок делегациядан Хорватиянын тышкы иштер министринин орун басары Здравка Бусич, Хорватиянын президенттик катчысы Ивана Крнич, Хорватиянын Ислам жамаатынын лидери Азиз Хасанович менен Хорватиянын Анкарадагы элчиси Хрвое Цветанович катышты.

Хорватиянын президенти Китарович андан кийин Түркия Улуттук Парламентинин спикери Йылдырымдын коштоосунда парламенттин Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ 2016 -жыл 15 -июлдагы козголоң кыймылы учурунда козголоңчулар тарабынан учак менен бомбаланган жерлерди кыдырды.

Китарович 15 -июль күнү кечинде болгондор жана жасалган кол салуу тууралуу маалымат алды.

Сапарда өткөрүлө турган жолугушууларда Хорватия менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым- катнаштар бардык жагы менен каралып чыгылат. Түрдүү тармактарда кызматташуунун күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдар сөз болот. Жолугушууларда өзгөчө аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу пикир алышууларда болушу да күтүлүүдө.

Конок президент андан кийин президент Эрдоган тарабынан президенттик комплексте  расмий азем менен тосулуп алынды. Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Эрдоган жана Китарович биргелешкен пресс - жыйын өткөрөт. Президент Эрдоган коногунун урматына кечки сый тамак берет. 

 

 

 



Тектеш кабарлар