Эрдоган:'АКШнын чыгуу чечкиндүүлүгүн көрдүм'

Эрдоган менен Колинда биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1127283
Эрдоган:'АКШнын чыгуу чечкиндүүлүгүн көрдүм'

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Манбиж аймагында болгон кол салууда беши АКШ аскеринен турган бардыгы 20 киши набыт болгону жөнүндө маалыматтар келгенин айтты.  

Эрдоган,Анкарага расмий сапар менен келген Хорватиянын президенти Колинда  Грабар Китарович менен биргелеше маалымат жыйын өткөрүп, Манбиждеги кол салуунун АКШнын Сириядан чыгуу чечимине таасир тийгизүүнү максаттаган болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Эрдоган: 'АКШнын президенти Дональд Трамптын чегинүү чечкиндүүлүгүн көрдүм',-деп айтып бул акыркы террордук кыймылына карап (чегинүүдөн) баш тартуу болбой турганына ишенгенин,андай болбосо мунун террордук уюм ДЕАШтын жеңиши түшүнүгүн бере турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: 'Террор уюму ДЕАШты кыйратууну улантабыз. Анткени биз ДЕАШты ал жерлерде жок кылабыз',-деп айтты. 

 


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар