ФЕТӨ мектептерин өткөрүп алуу аяктады

Пакистандын Пешавер шаарындагы Фетуллахчы террордук уюмга караштуу мектептердин Түркия маариф фондуна өткөрүү иштери аяктады.

1124013
ФЕТӨ мектептерин өткөрүп алуу аяктады

Пакистандын Пешавер шаарындагы Фетуллахчы террордук уюмга караштуу мектептердин Түркия Маариф фондуна өткөрүү иштери аяктады.

Өлкөнүн түндүгүндөгү  Хайбер Пахтунхва аймагынын борбор шаары Пешаверде бүгүн өткөн жолугушуулардын акырында Коституциялык соттун декабрь айында чыгарган чечиминин негизинде мектептерди өткөрүп алды.

Түркия Маариф Фондунун делегациясы биринчи болуп аймактын ички иштери жана уруулар аймактык министри Икрам Хан менен жолугушту. Өткөрүү иштери тууралуу маалымат берген Хан өз атынан өткөрүп алуу ишин коштой турган бир министрлик жооптуусун милдеттендирди.

Түрк жана Пакистан байрактары менен Түркия Маариф Фондунун желектери илинген Хайатабад аймагындагы негизги лагердеги өткөрүп берүү аземинде келишимдерге Түркия Маариф Фондунун адвокаттарынан Семиха Сарычам жана Түркия Маариф Фондунун Пакситан өлкө директору Селахаттин Батур тарабынан кол коюлду.

Мектептерди өткөрүп алган делегацияда орун алган Батур башка шаарларда болгондой Пешаверде да мектептерде иштегендер менен окуучулар тарабынан тосуп алынышкандарын айтты.

Пакистан Коснтитуциялык сотунун декабрь айында чыгарган чечиминин негизинде Түркия Маариф Фондуна өткөрүлүп берилишине чечим чыгарылган.



Тектеш кабарлар