Хулуси Акар Сирия чек арасында иликтөө жүргүздү

Хулуси Акар, башкы штаб башчысы, армия генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар болуп Сирия чек арасындагы бөлүктөрдө иликтөө жүргүздү.

1123671
Хулуси Акар Сирия чек арасында иликтөө жүргүздү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, башкы штаб башчысы, армия генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар болуп Сирия чек арасындагы бөлүктөрдө иликтөө жүргүздү.

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө террористтерге каршы ыктымалдуу операцияга токтолгон Акар: «Алдыбызда Манбиж, Евфрат дарыясынын чыгыш жагы бар. Бул тууралуу керектүү пландоолор жасалды. Даярдыктарыбыз тыгыз түрдө уланууда. Убагы келгенде мурдагы операцияларга окшош түрдө бул жердеги террористтер казган чуңкурларына көмүлөт»,-деп билдирди.

Акар: «Түркия Республикасы Мамлекети, өлкөбүздө же чек араларыбыздын ары жагында, кайда болсо болсун террорду соңуна чыгарыш үчүн абдан чечкиндүү. Жалгыз бутабыз террористтер болуп саналат. Эт жана тырмак сыяктуу болгон күрт туугандарыбыз менен эч бир маселебиз жок экенин акыл эси ордунда болгон ар ким билет»,-деди.



Тектеш кабарлар