ЕККУнун дайындоосуна Түркия канагаттангандыгын билдирди

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түүрүндөгү жарыясында билдирилди.

1124083
ЕККУнун дайындоосуна Түркия канагаттангандыгын билдирди

Түркия, Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) мусулмандарга карай толерантсыздык жана жикчилдик менен күрөшүү боюнча атайын өкүлчүлүк кызматына элчи Мехмет Пачажыны дайындоосун канагаттануу менен кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түүрүндөгү жарыясында, ЕККУнун 2019-жылы Кезектеги жетекчилигин милдеттенген Словакиянын Мусулмандарга карай толерантсыздык жана жикчилдик менен күрөшүү боюнча атайын өкүлчүлүк кызматына элчи Мехмет Пачажыны дайындаганы билдирилди.

Мехмет Пачажынын бул милдетти 3 мезгилден бери уланткан доц.др.Бүлент Шенайдан өткөрүп ала турганы белгиленген жарыяда, 57 мүчө мамлекет менен дүйнөнүн эң чоң аймактык коопсуздук уюму болгон ЕККУнун, саясий-аскердик, экономика-экологиялык жана гуманитардык жааттарындагы иш-аракеттерине Түркиянын таасирдүү салым кошконуна басым жасалды.

Министрликтин жарыясында булар орун алды: «Аймактык ыраатсыздык, тартипсиз көч агымдары жана арткан террордук коркунучтар сыяктуу бүгүнкү күндүн сыноолору жагынан алганда улам күчөгөн толерантсыздык, чет элдикке душмандык, жикчилдик жана Исламга каршы чыгуу сыяктуу тренддердин алдын алуу үчүн ЕККУ менен катар бардык эл аралык мекемелердин эмгектеринин колдоого алынышы Түркия жагынан маанилүү болуп олтурат. Мусулмандарга карай толерантсыздык жана жикчилдик менен күрөшүү жаатындагы иш-аракеттерибиздин алкагында ЕККУнун кезектеги жетекчилигинин дайындоосу биз тараптан канагаттануу менен кабыл алынды».

 



Тектеш кабарлар