Түрк аба жолдору афган товарларын ташыйт

Түрк аба жолдорунун бүгүн Белх  -  Стамбул каттамын аткарган учак биринчи жолу афган товарларын ташыды.

1122460
Түрк аба жолдору афган товарларын ташыйт

Түрк аба жолдорунун Стамбул  - Белх каттамы менен Түркияга алып келине турган афган товарлары Европа базарында сатылат. Түрк аба жолдорунун бүгүн Белх  -  Стамбул каттамын аткарган учак биринчи жолу афган товарларын ташыды.

Ушунун негизинде Мезар  - ы Шериф эл аралык аэропортунда азем өткөрүлдү. Аземде сөз сүйлөгөн Белх губернатору Исхак Рехгүзер афган товарларынын экспортунун арттырылышы үчүн өкмөттүн маанилүү иштерди жүргүзгөндүгүн айтты. Афганстандын товарларын кургактыктан, деңизден жана абадан экспорттой алгандыгын айткан Рехгүзер мунун өлкө экономикасынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи.

Губернатор Рехгүзер : «Түрк аба жолу менен бүгүн өткөрүлө турган биринчи учууда жалпы 5 тонна кургатылган мөмө Стамбул аркылуу Лондонго жиберилет»,- деди.

Түркиянын Мезар  - ы Шериф башкы консулдугу Шевки Сечкин Алпай да түрк жана афган элдеринин дос жана бир тууган экендигин, эки элдин арасындагы байланыштын күчүн тектүү орток тарых жана маданияттан алгандыгын белгиледи. Алпай : «Экономикалык кызматташуубуз жыл сайын күчтөнүү менен өлкөлөрүбүздүн жана орток аймагыбыздын бейкуттугуна салым кошууда. Бейкуттук менен коопсуздуктун ортосундагы карым  - катнаштын эмне себептен күчтүү экендиги ойлонулганда экономикалык кызматташуубуздун күчтөнүшүнүн экономикалык пайдадан башка бейкуттуктун түзүлүшүнө да кошкон салымы ортодо»,- деди.

Башкы консул Алпай ушунун негизинде түрк аба жолдорунун 2013 -  жылдан баштап Мезар  - ы Шериф менен Стамбулдун арасында түздөн түз каттамдардын башталышы, өлкөлөр арасында биринчи аба коридорунун ачылышы жана декабрь айынан баштап кургактык жол Лапис Лазулинин ишке кириши менен жетишкен ылдамдыктын өсүү менен улантылышынан кубанычтуу экендерин белгиледи.



Тектеш кабарлар