Йемен менен Түркиянын ортосунда терең карым-катнаштар бар

Йемендин маалымат агенттиги SABAга караганда Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади, кызмат мөөнөтү толгон Түркиянын Санадагы элчиси Левент Элерди Сауд Арабиянын борбор калаасы Эр-Риядда кабыл алды.

1120261
Йемен менен Түркиянын ортосунда терең карым-катнаштар бар

Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади, өлкөсү менен Түркиянын ортосунда терең карым-катнаштар бар экенин айтты.

Йемендин маалымат агенттиги SABAга караганда Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади, кызмат мөөнөтү толгон Түркиянын Санадагы элчиси Левент Элерди Сауд Арабиянын борбор калаасы Эр-Риядда кабыл алды.

Элчи Элердин кызмат мөөнөтү убагында эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды күчтөндүрүү үчүн жумшаган аракеттерин мактаган Хади, Түркия менен Йемендин ортосунда терең карым-катнаштар болгонуна басым жасады.

Элчи Элер да кызмат мөөнөтү убагында өзүнө көрсөтүлгөн жеңилдик жана кызматташтыктардын мактоого арзырлык экенин айтып, Түркиянын Йеменди жана мыйзамдуу башкаруучулугун колдоочу позициясын өзгөртпөй турганын билдирди.

Элер, 2016-жылы элчи болуп дайындалган.



Тектеш кабарлар