Эрдоган менен Путин 2018-жылы канча жолу жолукту?

Президент Режеп Таййип Эрдогандын  Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2018-жылы абдан тыгыз дипломатиялык алака-катышы болду.

1120195
Эрдоган менен Путин 2018-жылы канча жолу жолукту?

Президент Режеп Таййип Эрдогандын  Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2018-жылы абдан тыгыз дипломатиялык алака-катышы болду.

Эки лидер 7 жолу бетме-бет жолугушуу өткөрдү, 18 ирет телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү жана  6 саммитке бирге катышты.

Эки тараптуу жана аймактык темаларда орчундуу жолугушууларды ишке ашырды.

Аймактык темалардын күн тартибинде ар качан Сирия болду.

Астана процессинде маанилүү кадамдарды биргелешип ташташты.

Президент Эрдогандын Идлиб ок атышпоосу үчүн 7-сентябрда жасаган чакырыгы эки лидердин 17-сентябрдагы Сочи жолугушуусунда натыйжасын берди.

Идлиб аймагында согушкерлер жана оор куралдар чыгарыла турган аймак түзүлүүсүнө карай чечим Сочи саммиттинде чыгарылды.

2018-жыл Түркия жана Орусиянын энергетикада кызматташтык жылы болду.

Түркиянын алгачкы атомдук станция долбоору Аккую атомдук электр станциясынын пайдубалы 3-апрелде түптөлдү.

Эки өлкөнүн энергетикадагы күчүн көрсөткөн Оруиянын жаратылыш газын Кара деңиз жана Түркия аркылуу Европага ташый турган «Түрк агымы» долбоорунда болсо маанилүү каалга 2018-жыл менен артта калды.

Долбоордун деңиз бөлүмү аяктаганын белгилеген аземге Эрдоган менен Путин чогуу катышты.

Орусиядан алынган С-400 абадан коргонуу системасында алгачкы батареялардын 2019-жылы октябрь айында Түркияга тапшырылышы пландалууда.

Эрдоган жана Путин, С-400 процесси менен катар кызматташтыгындагы берки темалар жана аймактык өнүгүүлөр багытында жолугушууларын быйыл дагы улантат.

Эки лидердин 2019-жылдагы алгачкы жолугушуусунун болсо ушул айдын ичинде Орусияда ишке ашышы күтүлүүдө.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Путин

Тектеш кабарлар