Коргоо министри Хулуси Акар менен командирлер Сирия чек арасында болду

Улуттук коргоо министри  Хулуси Акар өткөн жылы өткөрүлгөн чоң масштабдагы 147 операция менен 2 миң 398 террористтин жок кылынгандыгын айтты.

1117175
Коргоо министри Хулуси Акар менен командирлер Сирия чек арасында болду

Улуттук коргоо министри  Хулуси Акар өткөн жылы өткөрүлгөн чоң масштабдагы 147 операция менен 2 миң 398 террористтин жок кылынгандыгын айтты.

Хулуси Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги бүгүн түнү Түркия чек арасындагы Сириянын Ешме айылына алып барылган Сүлейман Шах күмбөзү менен Килистеги Орток атайын кызмат күчү командирлигинде текшерүү жана иликтөөлөрдү жүргүздү.

Күмбөздүн тегерегиндеги буктурмаларды кыдырган Акар күзөттө турган аскерлер менен маектешип, чек ара жолунда иликтөө жүргүздү. Акар өзгөчө телефон аркылуу сүйлөшкөн президент Р. Т. Эрдоганды аскерлер менен сүйлөштүрдү.

Эрдоган аскерлерге кайрылган сөзүндө : «Афринде кандай тарых жазган болсоңор, мындан кийинки процесс да ошол эле чечкиндүүлүк менен улантылат»,- деди.  Акар жана командирлиги андан кийин Килистеги Орток атайын кызмат күчүнүн командирлигине барды. Министр Акар бул жерде 2018 -  жылы жүргүзүлгөн террордук операцияларга байланыштуу маалымат берди. Акар өткөн жылы жүргүзүлгөн кенен масштабдагы операцияларда террордук уюмга таандык 922 баш калкалоочу жер жана штабдын аба күчтөрү тарабынан атылгандыгын белгиледи.

Түркиянын ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүнө да токтолгон Хулуси Акар : «ДЕАШ күрөшүндө  Түрк куралдуу күчтөрү милдетти, жоопкерчиликти алды. Муну да алдыбыздагы күндөрдө таасирдүү түрдө орундатабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар