Түркия жана Орусия Евразиянын коопсуздугун биргелешип күчтөндүрүүнү улантат

Кремлдин маалымат борборунун жарыясында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоганга жаңы жыл үчүн куттуктоо билдирүүсүн жибергени белгиленди.

1116272
Түркия жана Орусия Евразиянын коопсуздугун биргелешип күчтөндүрүүнү улантат

 

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Түркия жана Орусиянын Евразиянын коопсуздугун биргелешип күчтөндүрүүнү уланта турганына ишенгенин айтты.

Кремлдин маалымат борборунун жарыясында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоганга жаңы жыл үчүн куттуктоо билдирүүсүн жибергени белгиленди.

Путиндин, Түркия жана Орусиянын ортосунда ийгиликтүү түрдө өнүккөн карым-катнаштардан улам ыраазычылыгын билдирген билдирүүдө, «Аккую атомдук күч станциясында алгачкы реактордун курулушу башталды жана Түрк Агымы жаратылыш газ куурунун деңиздеги бөлүмүндө курулуш аяктады»,-деп жазылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга карай жаңы пландардын да жасалганына басым жасаган Путин: «Москва жана Анкаранын биргелешкен аракеттери менен Сирияда терроризм менен күрөшүүгө жана бул өлкөдөгү саясий процесске чечкиндүү салым кошууда»,деген серебин салды.

Түркия жана Орусиянын ортосунда бардык тармактарда эки өлкөнүн калкынын пайдасына карай иштердин улана турганына ишенгенин билдирген Путин: «Түркия жана Орусиянын, Евразиянын коопсуздугун биргелешип күчтөндүрүүсүн уланта турганына ишенемин»,-деди.


Этикеткалар: #Путин , #Эрдоганга

Тектеш кабарлар