АКШ өз милдетин аткарды

Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөөсүнөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1113325
АКШ өз милдетин аткарды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аскерлерин Сириядан чыгарып кетүү чечимин чыгарган АКШнын өз милдетин аткарганын айтты.

Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөөсүнөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын аскерлерин Сириядан чыгарып кетиши тууралуу суроого Эрдоган: «АКШ өз милдетин аткарды. Бирок Франциянын президенти Эммануэль Макрондун берген билдирүүсү башкача. Ошондуктан биз учурда урматтуу Трамптын берген маалыматын кароодобуз  жана аны менен бул процесстеги кызматташтыгыбызды бекем түрдө улантуудабыз. Биздин жетекчиликтен бүгүн-эртең Орусиянын борбор калаасы Москвага сапар жасалат. Москва сапарындагы абалга жараша андан кийин менин да Орусиянын президенти урматтуу Владимир Путин менен сүйлөшүүм болот»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #АКШ , #Сирия , #Орусия

Тектеш кабарлар