Нетаньяхунун тынчын алган операциялар

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Твиттер аркылуу бөлүшкөн жарыясында Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун президент Эрдогандын чындыктарды бийик үн менен жар салуусунан кайрадан тынчсызданганына басым жасады.

1111961
Нетаньяхунун тынчын алган операциялар
omer celik.jpg

Түркиянын жикчил террордук уюм ПККга карай операциялары аркылуу президент Режеп Таййип Эрдоганды сынга алган Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга Анкарадан катуу каршылык көрсөтүлдү.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Твиттер аркылуу бөлүшкөн жарыясында Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун президент Эрдогандын чындыктарды бийик үн менен жар салуусунан кайрадан тынчсызданганына басым жасады.

Калын: «Өлкөсүндө териштирөөлөр менен башы балээде болгон Нетаньяху көңүлдөрдү башка жакка бурууга аракет кылууда, бирок ишке жарабайт. Израилдин баскынчы жана залим саясаттарын эч качан жаап жашыра албайт, Президентибиздин токтото албайт»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик да Твиттерден берген маалыматында, «Түрк армиясы жана коопсуздук күчтөрүнүн ПКК буталарына карай жүргүзгөн операцияларынын Нетаньяхунун тынчын алышы маанилүү»,-деди.

Нетаньяхунун президент Эрдогандын адамзаттын атынан, эзилген калктардын атынан билдирүүлөрдү жарыялап эскертүүсүнөн абдан тынчсызданганын, тынчсыздануусун да уланта турганын белгилеген Челик: «Израилде жүргүзүлүп жаткан териштирүүлөрдө жемкорлук менен айыпталган Беньямин Нетаньяху, эл аралык коомдук пикирди манипуляция кылууга аракет кылууда. Беньямин Нетаньяху Президентибизге жана армиябызга тийишип чындыктарды жаап жашыра турганын ойлоп жатат»,-деп жазды.


Этикеткалар: #Нетаньяху , #ПККга

Тектеш кабарлар