Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Албаниядагы жолугушуусу
Президенттиктин пресс - катчысы Ибрахим Калын коштоосундагы делегация менен Албаниянын борбор шаары Тиранада жолугушууларды өткөрдү
Президенттиктин пресс - катчысы Ибрахим Калын коштоосундагы делегация менен Албаниянын борбор шаары Тиранада жолугушууларды өткөрдү. Ибрахим Калын Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКАнын төрагасы Сердар Чам жана дин иштери төрагасынын орун басары Селим Аргун менен барган Тиранада өлкөдөгү түрк мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту.
Ибрахим Калын жана коштоосундагы делегация Түркиянын Тирана элчиси Мурат Ахмет Йөрүк менен жолугушту, андан кийин ТИКАнын Тиранадагы координация офисине барды.
Түркия Маариф фондуна караштуу Нью – Йорк - Тирана университетине да барган делегация Дин иштери башкармалыгы жана Түркия диянет фондунун борбор шаар Тиранада курдурткан Намазгах мечитинде иликтөө жүргүздү.
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, базис жана маданий мурастын сакталышы сыяктуу бир топ тармакта проектини колдогон ТИКА Тиранада Этхем Бей мечити, Берат Хүнкар мечити, Халвети теккеси, Эргири пазар мечити жана Берат Бекарлар мечитин 2 жылдын ичинде рестоврациялоону пландап жатат.