Түркия Йеменге жардам берүүдө

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) 2012-2018-жылдар аралыгында Йеменде билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба жана инфраструктурадан баштап бардыгы 93 долбоор жана иш-чараны актарды.

1109506
Түркия Йеменге жардам берүүдө

Жарандык согуш  4 жылдан бери уланган жана эли ачкачылыкка дуушар болгон Йеменде Түркиянын көп багыттуу гуманитардык жардам боюнча тышкы саясаты уланууда.

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) 2012-2018-жылдар аралыгында Йеменде билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба жана инфраструктурадан баштап бардыгы 93 долбоор жана иш-чараны актарды.

ТИКАнын 2012-жылы апрелде ачылган Санадагы кеңсеси, Йемендин жалпысында билим берүү жаатында 25, саламаттык сактоо тармагында 15, администрациялык пайдубал жаатында 23, гуманитардык жардам тармагында 17, маданий кызматташтык жаатында 8, талаа чарба жана мал чарбачылык тармагында 5 долбоорду ишке ашырды.

ТИКА 2013-жылы борбор шаар Сана, Таиз жана Худейде шаарларына бардыгы 60 бөлүмдүк 4 даана диализ борборун курду.

ТИКА, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Аден жана Таизге эки даана Оор климатка чыдамдуу көчмө оорукана курду.

Өлкөнүн башкаруу системасынын күчтөндүрүлүшү максатында 200 чакты йемендик кызматкерге Түркияда ар түрдүү билим берилди.

Адендеги «Эмин Нашир» атындагы саламаттык сактоо институту медициналык жабдуу менен камсыздалды.

ТИКА ушул алкакта 250 окуучу батуучу окуучулардын жатаканасын оңдоп, 500 кишилик эки жатананын ичин жабдыды.

Өлкөдөгү жугуштуу оорулар менен күрөшүү жана Адендин жашаса боло турган шаарга айландырылышы үчүн согуштан калган калдыктар жана жыйылган таштандылар тазаланды.

Дали, Таиз, Лахич, Эбйен жана Адендин ар башка аймактарында жашаган миңдеген үй-бүлөгө азык-түлүк пакети таркатылып жардам берилди.



Тектеш кабарлар