АКШнын каршы чыкканына карабастан Түркия Сирияда террористтерге каршы операцияларын ишке ашырды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Пакистанга барды.

1108516
АКШнын каршы чыкканына карабастан Түркия Сирияда террористтерге каршы операцияларын ишке ашырды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, АКШнын каршы чыкканына карабастан Түркия Сирияда террористтерге каршы «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операцияларын ишке ашырганын айтты.

Сүлейман Сойлу Пакистандын борбор калаасы Исламабаддагы «Нур Кхан» аскердик аэропортунда ички иштер министри Шехриар Африди жана Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Йурдакул менен берки жооптуу кызматкерлер тарабынан тосулуп алынды.

Андан соң министр Сойлу, Африди менен анын макамында жолугушту. Министрликтин жыйналыш залында болгон делегациялар аралык жолугушуу, кыскача тартылган соң басма сөзгө жабык өттү.

Жолугушууда чек ара коопсуздугу, пакистандык полициялардын билим алуусу, көч жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен катар ар түрдүү террордук уюм менен биргелешип күрөшүү темалары каралды.

Андан соң Түркиянын Исламабаддагы Элчилигине өткөн министр Сойлу, конференция залында Түрк жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.

Сойлу, бул жердеги сөзүндө АКШнын каршы чыкканына карабастан Түркия Сирияда террористтерге каршы «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операцияларын ишке ашырганын айтты.

АКШнын Түркияны Түндүк Иракта жана Сириянын Африн аймагында курчоого алууга аракет кылганын айткан Сойлу: «Эми бизди Евфрат дарыясынын чыгышында дагы курчоого аракет кылышат. Түркия буга дагы уруксат бербейт»,-деп айтты.

Сойлу, АКШнын Түркияны ооздуктоого алуу аракетинин максаты, Түркиянын кыймыл жөндөмдүүлүгүн тарытуу, чөйрөдөгү өлкөлөр менен курган карым-катышка бөгөт болуу, бардык аймактар менен байланыштарын болушунча үзүү экенин айтты.



Тектеш кабарлар