Түркия улам өндүрүп өсөт

ТУУЖдун төрагасы Бинали Йылдырым, Кеме куруу инженерлери палатасынын негизделишинин 64 жылдыгынан улам Стамбулда уюштурулган программага катышты.

1107865
Түркия улам өндүрүп өсөт

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Түркиянын улам өндүрүп өсө турганын айтты.

ТУУЖдун төрагасы Бинали Йылдырым, Кеме куруу инженерлери палатасынын негизделишинин 64 жылдыгынан улам Стамбулда уюштурулган программага катышты.

Кеме куруу тармагынын жогорку кошумча нарк жаратканына басым жасаган Йылдырым, Түркиянын инфраструктурада келип жеткен жерине басым жасады.

Йылдырым, Түркия бир канча жылдын ичинде инфраструктурада жолдор, авто жолдору, деңиз жолдору сыяктуу өнүккөндүк жагынан алганда 39-орундан 2017-жылдын акырында дүйнөдө 9-орунга жогорулаганын айтты.

Парламент төрагасы, акыркы жылдарда Түркиянын курган жолдору, көпүрөлөрү, аэропорттору, ылдам жүрүүчү поезддери, тоннелдери менен атын алыска угузганына көңүл бурду.

Кеме куруу тармагында да Түркиянын чоң өнүгүүгө жетишкенин баса белгилеген Йылдырым: «Түркия өзгөчө белгилүү түрдөгү яхта чыгаруу жагынан маркага айланды. Яхталарда, кызматтык кемелерде, химиялык заттарды чыгарууда, сүйрөткөчтөрдү чыгарууда изделген өлкөгө айландык, дүйнө жүзүндө атаандаштык кыла алгыдай деңгээлге жеттик»,-деди.

Программада Бинали Йылдырымга көп жылдар мурда Кеме куруу инженерлери палатасына өз кол жазмасы менен жазган кайрылуу баланкасы белек кылынды.



Тектеш кабарлар