Анкарада болгон поезд кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтуулар
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу поезд кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара - Кония каттамына чыккан жогорку ылдамдыктагы поезддин жол текшерүү локоматив менен кагылышуусу менен чыккан кырсыкта каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Министр Чавушоглу твиттерден төмөнкүчө билдирди : «Анкарада болгон поезд кырсыгында каза болгон жарандарыбыз үчүн жакындарына жана элибизге көңүл айтам жана жаралууларыбыздын бат айыгып кетишин каалайм»,- деди.
Адилеттик министри Абдулхамит Гүл Анкара - Кония каттамына чыккан жогорку ылдамдыктагы поезддин жол текшерүү поезди менен кагылышуусунда чыккан кырсыкта каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Гүл твиттерден берген маалыматында : «Анкарада болгон поезд кырсыгында каза болгон жарандарыбыздын үй - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, жаралууларыбыздын бат айыгып кетишин каалаймын»,- деди.
Бир тараптан маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой да кырсыкта каза болгондор үчүн көңүл айтты. Министр Эрсой твиттердеги көңүл айтуусунда : «Анкарада болгон поезд кырсыгында каза болгон жарандарыбыздын үй - бүлөлөрүнө көңүл айтып жаралуулардын бат айыгып кетишин каалаймын»,- деди.
Поезд кырсыгында каза болгондор үчүн борбор шаардагы дипломатиялык миссия шефтери да социалдык медиа эсептеринен көңүл айтуу жарыялашты.
АКШнын Аркадагы элчилигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Бүгүн Анкарада болгон поезд кырсыгында каза болгондордун үй - бүлөлөрү менен жакындарына АКШнын атынан көңүл айтабыз. Бул чоң кайгыны бөлүшүп, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.
Британиянын Анкарадагы элчиси Доминик Чилкотт социалдык медиа эсебинен борбор шаарда болгон поезд кырсыгында каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жаралууларга шыпаа тиледи.
Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын төрагасы Кристиан Бергер да поезд кырсыгынан улам санааркагандыгын билдирип : «Европа Биримдигинин Түркия делгациясы катары кырсыкта каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө жана Түркияга чын көңүлдөн көңүл айтып, жаралуулардын айып кетишин каалайбыз»,- деди.
Пакистандын Анкарадагы элчилигинин социалдык медиа эсебинен берилген бөлүшүүдө да поезд кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтылды.