Террор менен күрөшүү чечкиндүүлүк менен улантылууда
Акыркы бир жумада жалпы өлкөдө жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында 26 террорист жок кылынды.
Акыркы бир жумада жалпы өлкөдө жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында 26 террорист жок кылынды.
Ички иштер министрлиги 1 жумада жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларына байланыштуу акыркы маалыматтарды бөлүштү. Ушуга караганда өлкө масштабында террордук уюмдарга карата 2 миң 817 операция жүргүзүлдү. Бул операцияларда 26 террорист жок кылынды.
Террористтерден 19зу тирүү колго түшүрүлүп, 6 террорист да коопсуздук күчтөрүнө багынды.
Операцияларда уюмга таандык 40 баш калкалоочу жер менен көп сандаган ок - дары жана турмуштук материалдар жардырылды. Бул операцияларда террор, банги заттар жана контрабанда кылмыштарына аралашкандыгы такталган 4 миң 403 киши камоого алынды.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын телефон дипломатиясы
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.