Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Гутерреш менен жолугушту

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Марокконун Маракеш шаарына барды.

1103822
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу  Гутерреш менен жолугушту

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Глобалдык миграция макулдашуусу, өкмөттөр аралык конференцисына катышуу үчүн Марокконун Маракеш шаарына барды.

Сүлейман Сойлу бул жерде биринчи болуп БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушту.

Баб Игхли конференция борборунда өткөрүлгөн ачылуу коктейлине катышкан Сойлу бул жерде Гутерреш менен жолугушту. Гутеррешке  президент Р. Т. Эрдогандын саламын айткан Сойлу андан кийин Эл аралык миграция уюму IOMдун башкы директору Антонио Виторино жана Эл аралык эмгек уюму  ILOнун башкы директору Гай Райдер менен жолугушту.



Тектеш кабарлар