Эгерде террордук уюм башка өлкөлөрдө террордук уюм катары эсептелбесе анда жылыш кыйын болот

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Ирандын борбор шаары Тегеранда терроризм жана радикализм менен күрөшүү темалуу Парламент төрагаларынын экинчи жыйналышына катышты.

1103248
Эгерде террордук уюм башка өлкөлөрдө террордук уюм катары эсептелбесе анда жылыш кыйын болот

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Ирандын борбор шаары Тегеранда терроризм жана радикализм менен күрөшүү темалуу Парламент төрагаларынын экинчи жыйналышына катышты.

Йылдырым жыйналыштын жабылыш бөлүмүндө сүйлөгөн сөзүндө: «Аймакта маселелердин чечилиши жана эми бул кайгылардын соңуна чыгышын сунуштайбыз. Ушул себептен аймактык кызматташтыкты Иран, Орусия, Түркия катары улантууга чечкиндүүбүз»,-деди.

Ирандын президенти Хасан Рухани, Ирандын парламент төрагасы Али Ларижани, Кытайдын праламент төрагасынын орун басары Чен Зу, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Пакистандын Улуттук парламентинин төрагасы Эсед Кайсер, Ооганстандын Улуттук парламентинин төрагасы Абдул Рауф Ибрахиминин катышуусу менен ишке ашкан жыйналышта террордук уюмдар менен күрөшүүдө жасала турган кызматташтыктар тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Террор менен күрөшүүдө аймактык кызматташтыктын ийгиликтүү боло алышы үчүн алгач терминдерде жана сүйлөмдөрдө биримдик түзүлүүсү керектигине токтолгон Йылдырым: «Эгерде бир өлкөдөгү террордук уюм башка өлкөлөрдө террордук уюм катары эсептелбесе бул жерде чоң жолду басып өтүшүбүз кыйын болот. Террор менен күрөшүү жаатында чыгымга учурагандар аймак өлкөлөрү, террор ичинде орун алган өлкөлөр болуп саналат. Бирок көрүп турганыбыздай бул чыгымдардын орду аймак өлкөлөрү тарабынан толтурулганына карабастан террордун себептеринин, булактарынын, план түзгөндөрүнүн жана максаттарынын тилекке каршы эч бир чыгымга учурабаганын көрүүдөбүз»,-деп айтты.

Сирияда болуп жаткан жарандык согуш жана террордук окуяларга дагы токтолгон Йылдырым, Түркиянын орто эсеп менен 4 миллион сириялыкты багып жатканын эске салып, «Муну да албетте өз ыктыярыбыз менен жасап жатабыз. Бирок бул чыгымдын кандайдыр бир түрдө эл аралык коомчулук тарабынан бөлүшүлүшү керек»,-деди.

Мындан кийинки жыйналыштын Түркияда боло турганынын маалыматын бөлүшкөн Йылдырым, Тегеранда дагы каралбаган дагы атайын темаларды Стамбулда кароо жана дагы так жыйынтыктарды алууну максаттагандарын, бул үчүн даярдыктарды бир жыл бою техникалык деңгээлде жүргүзө тургандарын айтты.

ТУУЖ төрагасы Йылдырым, жолугушууларын аяктап Түркияга кайтты.

 


Этикеткалар: #Йылдырым , #терроризм , #Иран

Тектеш кабарлар