Түркия Сириянын Африн районуна караштуу Ражуда жаңы ооркана ачты
Саламаттык сактоо борборунда ички оорулар, тиш, аялдар жана балдар оорулары боюнча поликлиникалар менен катар кан анализин чыгарган лаборатория жана дарыкана бар.
Саламаттык сактоо министрлиги Сирияда Африн районунун Ражу жергесинде акысыз тейлеген Саламаттык сактоо борборун ачты.
Борбордо, ички оорулар, тиш, аялдар жана балдар оорулары боюнча поликлиникалар менен катар кан анализин чыгарган лаборатория жана дарыкана бар.
Акысыз дарылар берилген борбордо, Ражу калкы ден-соолугун Афринге барбастан чыңдап алышат.
Саламаттык сактоо борборунун директору Саад Ахмед, Ражудан Афринге транспорт татаал болгонун, эми болсо аймак калкынын оңой эле саламаттык сактоо тейлөөсүнө жете алганын айтты.
Ахмед, борбордогу бардык бөлүмдөр акысыз экенин белгилеп: «Түрк өкмөтүнө жана Саламаттык сактоо министрлигине ырахмат айтабыз. Ражуда жашагандарды бул машакаттан куткарышты»,-деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.