Президент Р. Т. Эрдогандын Венесуэлада өткөргөн жолугушуусу

Расмий сапар менен Венесуэлага барган президент Р. Т. Эрдоган жолугушууларын аяктады.

1099909
Президент Р. Т. Эрдогандын Венесуэлада өткөргөн жолугушуусу

Расмий сапар менен Венесуэлага барган президент Р. Т. Эрдоган жолугушууларын аяктады.

Биринчи болуп Симон Боливардын мүрзөсүн зыярат кылган Эрдоган бул жерде Венесуэланын вице  - президенти Делси Родригес тарабынан кабыл алынды.

Президент Эрдоган эстеликтин алдында колдорунда түрк жана Венесуэла желектери менен өзүн күтүп турган балдарга салам берип эстеликке сүрөткө түштү.

Эстелик жайгашкан имаратка барган Эрдоган Венесуэла симфониялык оркестры тарабынан эки өлкөнүн улуттук марштарынын аткарылышынан кийин эстеликке гүл чамбар койду.

Эстелик тууралуу жетекчилерден маалымат алган жана сыймык дептерине кол койгон президент Эрдоган дептерге буларды жазды : «Түркиядан Венесуэлага президенттик деңгээлде биринчи расмий сапарды ишке ашыруунун кубанычын жашап жатам. Латын Американын көз карандысыздык күрөшүнүн символу Венесуэла калкынын легендарлуу лидери Симон Боливарды мүрзөсүндө урмат  - сый менен эскерип жатам. Борбор шаарыбыз Анкаранын проспектилеринин бирине атын берип элесин сактап калган Ел Либертадор артта калтырган теңдеши жок мурасы менен Венесуэла жана Латын Америка менен бирге жалпы дүйнөдө көз карандысыздык отун жагууну улантат».

Эрдоган андан кийин кесиптеши Николас Мадуро менен бирге катышкан Түркия  - Венесуэла иш форумунда сөз сүйлөдү. Эрдоган бул жерде : «Акыркы айларда оор экономикалык кол салууга дуушар болгон өлкө катары глобалдык соода системасынын параметрлерин жокко чыгарган өзүм билемдикке жол бербейбиз»,- деди.

5 -  августта өткөрүлгөн жана Мадурону бутага алган кол салуу кыймылына да токтолгон Эрдоган бул  кыймылдын Мадуро менен бирге Венесуэла калкынын көз карандысыздык эркине карата кол салуу экендигин белгиледи.

Венесуэла менен экономикалык карым  - катнаштардын күчтүү бир потенциалы бар экендигин белгилеген Эрдоган : «Бул потенциалды мыкты колдонуубузда пайда бар. Венесуэла менен кызматташуубузду түрдөнтүүгө жана ар бир тармакта тереңдетүүгө аракет кылуудабыз. Урматтуу Мадуро менен эки тараптуу жана муну менен бирге аймактык көп тараптуу темалардагы кызматташуубузду жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларда карап чыктык»,- деди.

Соода, экономикалык жана инвестиция карым  - катнаштарынын жогорку деңгээлдеги жетекчилердин байкоосу астында таасирдүү түрдө жүргүзүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзүшөрүн айткан Эрдоган : «Бир гана экономикалык тармакта эле эмес, аймагыбызды жана бүткүл дүйнөнү таасири астына алган маселелер менен да президент Мадуро менен жакын байланышта болобуз»,- деди.

Латын Америка жана Карибдер аймагы менен соода жана экономикалык карым  - катнаштарда да акыркы 10 жылда абдан маанилүү жолдун басылып өтүлгөндүгүн баса белгилеген Эрдоган аймак менен соода көлөмүнүн 2016 – жылы 7 миллиардга жакын доллар болгон болсо 2018 -  жылы биринчи 9 айында 9, 2 миллиард долларды ашкандыгын билдирди. Эрдоган бул сандардын келерки мезгилде арттырыларын айтты. Бул сапар менен Венесуэла менен карым  - катнаштарда жаңы бир беттин ачылгандыгын белгилеген Эрдоган мындан кийин аракеттерин өлкөлөр жана аймактардын пайдасы үчүн так жыйынтыктарды бериши үчүн дагы көп иштешерин айтты.

Эки лидер андан кийин биргеликте өткөргөн пресс  - жыйында үй ээси Мадуронун : «Биздин жаңы Боливарчылар тууралуу сөз болгондо тектүү, эмгекчил экендигинен сөз болушу керек. Венесуэла калкы бир туугандык үчүн колун ачканда аны чын дилден  ачат жана биз узун убакыт мурда бир туугандык үчүн колубузду жана көңүлүбүздү тектүү бир тарыхка ээ болгон, күрөшчү, бир топ согушта жеңишке жетишкен түрк калкы үчүн ачууга чечим чыгардык»,- деген сөздөрү көңүлдөрдү бурду.

Андан кийин президент Эрдоган жана Венесуэланын президенти Мадуронун алдында эки өлкөнүн арасында 10 тармакта келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар